“Алма Кредит” ЖАК МФКнын негизги максаты, элге мүмкүн болгон финансылык тейлөөлөрдү көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республиксынын жеке жана юридикалык жактарына жаңы бизнести ачууга, иштеп жаткан бизнести өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө, муну менен бирге ар кандай керектөөлөргө насыя берүү болуп эсептелет. Өз миссиялары жана баалуулуктарын орундоого, “Алма Кредит” ЖАК МФК – жогорку деңгээлдеги тейлөө аркылуу жеңилдетилген финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жетки алган  ар бир адамдын  кыйын жана  татаал  кырдаалдардан баш көтөрүү  менен  чыгууга көмөктөшкөн ишенимдүү  компания.

Биздин кардарлар – өздөрүнүн финансылык абалын жакшыртуу үчүн биздин финансы тейлөөлөрүбүзгө муктаж болгон коомдун экономикалык активдүү бөлүгү болуп саналат.

Биздин принциптер -  кардарга багытталган, жогорку финансы көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн жана операциялардын ачык-айкындуулугу үчүн натыйжалуу башкаруучулук болуп саналат. Компаниянын толук төлөнгөн жана катталган уставдык капиталы 100 млн. сом түзөт. 2016-жылы уставдык капитал көбөйгөндүгүнө байланыштуу, компания  МФКга трансформацияланды.

Компаниябыздын эксперттери, микрофинансылоо тармагында элге ыңгайлуу болушуна инновациялык продуктуларды жана тейлөөлөрдү ишке ашыруу максатында ар дайым алдыңкы тажрыйбаларды өздөштүрүп турушат. “Алма Кредиттин” адистери консультацияларында социалдык жоопкерчиликтин стандарттары жана ишкер этикасынын мыкты үлгүлөрүн сакташат, ошондуктан кардарлар, “Алма Кредит” адистеринин жогорку деңгээлдеги профессионалдуулугуна жана жогорку сапаттагы тейлөөгө ишене алышат. “Алма Кредит” ЖАК МФК келечекке ишенимдүү, бекем көз караш менен Кыргызстандын бардык жерлерине филиалдарын ачып, көбөйтүүгө, насыя берүү жана башка финансы кызмат көрсөтүүлөрүн КР жарандарына ыңгайлуу кылууга багытталган.

“Алма Кредит” ЖАК МФК Кыргызстанда финансылык сабатсыздыкты жоюуга кам көрөт жана социалдык жоопкерчиликтүү компания болууга умтулат. Бул багытта дайым иштеп келгендиктен, Компания элдин сабаттуулугун жогорулатуучу маалыматчылдык басма материалдарын чыгарып турат, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө кыймылдаткыч күчтөрдүн негизгилеринин бири боло турган өлкөбүздүн жаш муундарын социалдык тармактары аркылуу активдүү маалымдоо ишин жүргүзүүдө.

“Алма Кредит” ЖАК МФКнын логотиби кызыл жана жашыл түстө. Кызыл түс лидерликти, энергияны, кубаныч жана байлыкты, ал эми жашыл түс ага үмүттөрдүн жаңылыгын жана өркүндөшүн символдоштурат. Компаниянын логотибин визуалдаштыруу үчүн “Алма Кредит” ЖАК МФК аталышынын алгачкы тамгасы негиз катарында алынган. Логотипте жаш өсмө, андан кийин мөмө байлаган, бышкан алма даана көрсөтүлгөн. Бул метафора компаниябыздын жаратман ролу жөнүндө  эске алуу менен, чечкиндүү демилгелер жана жаңы баштаган иштер сөзсүз өз максатына  жетип, жагымдуу, каалаган  жыйынтыктарды күтүү маанинилүү болуп саналат. Албетте, ыкыластуу жарандарыбыз, логотиптеги жан дүйнөгө жакын болгон кыргыз оюмдарын көрө алат, анткени “Алма Кредит” ЖАК МФК Кыргызстаныбыздын өсүшүнө жана экономикасынын байкерлигине иштеп жатат.