Жаңылыктар

“Алма Кредит” ЖАК МФК корпоративдик облигациялардын алгачкы чыгарылышын жайгаштырды

“Алма Кредит” ЖАК МФК кирешелүүлүгү 19% жылдык түзгөн 50 млн.сомго облигацияларды жайгаштырууну пландаштырып жатат, муну менен бирге натыйжалуу жылдык ставка 19,75% түзөт.

Фондулук биржада облигацияларды жайгаштыруу  2017-ж. 14июнунда ишке ашты. Чыгаруунун айлануу мөөнөтү – эки жыл, дивиденддер ар бир кварталда төлөнөт. Биржалык облигациялардын номиналдык наркы – 1 000сом.

“Алма Кредит” үчүн бул алгачкы чыгарылыш. Жаңы бонд үчүн жакында рынокко чыгарылган, башка эмитенттердин баалуу корпоративдик кагаздары колдонулган. Чыгарууларды даярдоодо рыноктук конъюнктура жана экономикалык максатка ылайыктуулук каралды”, деп “Алма Кредит” ЖАК МФК башкармалыгынын төрагасы Айбек Сулайманов жагдайды ачык айтып берди.

Облигациялар – Кыргызстандагы фонддонун салыштырмалуу жаш багыты, бирок жыл сайын белгилүү болуп жатат. Башка класстагы активдерге караганда облигациялардын артыкчылыгы -кирешенин божомолдуулугу. Кыргызстандыктар аны жакын арадагы чыгымдарды төлөөгө, мисалы, балдарды ЖОЖдо окутууга, пенсияга чыгарда кирешени турукташтырууга, же болбосо медициналык тейлөөлөр үчүн регулярдуу акча каржына пайдалана алышат.

Айбек Сулайманов айткандай: “Баалуу кагаздар рыногу менен активдүү кызыккан жана бул чөйрөдө практикалык тажрыйбаны алууга умтулган КРда белгилүү бир сегмент бар экендигин изилдөөлөр көрсөттү. Учурда маанилүү маселелердин бири – баалуу кагаздар рыногуна пассивдүү түрдө кызыгуудан көрө облигацияларды сатып алууну элибизге сунуштоо болуп саналат. Элибизди индивидуалдуу түрдө каржылоону  пландоого, КРда баалуу кагаздар рыногу тууралуу маалымдоого, анын иштөөсүнүн негизги принциптерин түшүндүрүүгө, финансылык мифтерди жоюуга, ар түрдүү рисктерди башкаруу принциптерин айтып түшүндүрүүгө, ортого чыга турган каталардан сак болдурууга өбөлгөлөөнү пландаштырып жатабыз”.

Социалдык тармактарда бөлүшүү