Жаңылыктар

Роуд-шоу форматында “Алма Кредит” облигацияларынын бетачары болуп өттү

Кыргызстанда буга чейин болуп көрбөгөн роуд-шоу (Road Show)форматында “Алма Кредит” ЖАК МФКнын корпоративдик облигацияларынын бетачары июль айнын орто ченинде Кыргыз Фондулук биржасынын конференц – залында өткөрүлдү.

Мындай бетачар КРдагы баалуу кагаздар рыногуна кызыккандарга ошону менен бирге “Алма Кредит” ЖАК МФКнын корпоративдик облигацияларын сатып алууга кызыккандарга да багытталган. Жетекчилик тарабынан компания тууралуу, финансылык көрсөткүчтөрдүн динамикасы боюнча кеңири маалымат берилди, ошондой эле келечекке коюлган кыска мөөнөттүү жана стратегиялык пландар айтылды.

Бетачарга катышкан ЖЧК “Аскоивест” андеррайтердин жана Кыргыз Фондулук биржанын спикерлери, Кыргызстанда облигацияларды алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө, ошондой эле алардын артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү жөнүндө КРда азырынча белгилүү боло элек бирок дүйнө жүзүнө таанылган финансы сактоо жана көбөйтүү куралынын колдонууну туура тапкан инвесторлорго айтып беришти.

Справка

Жол шоу (англ. Road Show - Роуд-шоу) – эмитент –компаниянын баалуу кагаздарын чыгарууда даярдыктардын практикалык элементи (облигациялар, акциялар ж.б.). Бул, мүмкүн бирге иштей турган инвесторлорго, брокерлерге жана аналитиктерге компаниянын ишин, анын финансылык абалын, рыноктун, продуктыларын жана кызматтарын тартуулоо максатындагы жолугушуулар болуп саналат.

Социалдык тармактарда бөлүшүү