Жаңылыктар

Микрофинансылык сектордун келечеги –кесипкөй лидерлердин колунда. МФК “Алма Кредит” ЖАКунун Башкармасынын Төрагасы менен интервью

Биз бүгүн Кыргызстандын микрофинансылык чөйрөсүн өнүктүрүүнүн келечектери, финансылык сектордогу ийгиликтүү лидерликтин  кесипкөй жашыруун сырлары жана финансылык сабаттуулуктун маанилүүлүгү жөнүндө МФК “Алма Кредит” ЖАКунун Башкармасынын Төрагасы Алымбек уулу Дамир менен талкуулайбыз.

Мыкты лидерди кайсы сапаттары айырмалап турат жана жеке Өзүңүзгө  кесипкөйлүк жана карьералык бийиктиктерге жетүүгө жардам берген факторлор тууралуу айтып бериңизчи?

Эң башкы факторлор – максаттарды кое билүү жана аларга жетишүүнүн механизмдерин туура тандап алуу, жеке тартиптүүлүк жана жеке өнүгүү. Мен үчүн кайсы болбосун долбоорду баштоодон мурда кайсы жерде 20%  аракеттер 80% натыйжа берерин аныктап алууга умтулуу мүнөздүү. Андан кийинкиси техниканын иши. Ага кошумча, мен бир жөнөкөй эрежени өздөштүрдүм: ийгилик-бул эмгек. Дайыма тынымсыз иштөө, күндөн-күнгө, жылдан-жылга, жалкоолукту жеңе билүү жана сабаттуу тай-менеджмент өз жемишин бербей койбойт.

Албетте, өзүн өнүктүрүүнү унутпоо керек. Мен  мыктылардан тынымсыз үйрөнүү керектигин, ийгиликтүүлөргө теңелүүнү, жана чектерди кеңейтүү жана жаңы горизонтторду ачуу үчүн комфорттуу чөйрөдөн чыгууга көнүү керек экендигин эбак түшүнгөм.

Жетекчи болуу- оор жумуш. Ийгиликтүү башкаруучу катары Сиздин кандай жашыруун сырларыңыз бар?

Карьерадагы ийгиликтерге жетишүү үчүн өзүң жөнүндө гана эмес, башка адамдар жөнүндө дагы камкордук көрүүгө үйрөнүү керек. Жетекчинин ишиндеги эң татаал нерсе – кызматкерлер менен кардарларга жекече мамиле табуу. Жогорку кызмат дайыма эл менен иштей билүүнү, узак мөөнөткө алар үчүн жоопкерчиликте болууну  талап кылат. Андан кийин өзүңдүн айланаңда чыныгы кесипкөйлөрдү чогулта билүү жана команданы түзүү, коллективди коюлган милдеттерди аткарууга уюштуруу жатат. Бул жерде биринчи планга персоналды кызыктыруунун маселелери, чыр-чатактарды жөнгө салууга  жөндөмдүүлүк, кызматкерлердин күчтүү жактарын пайдалануу жана алардын начар жактарын жылмалоо чыгат.

Ийгиликтүү башкаруучу коллективди алып баруучу максатты даана көрүшү зарыл жана ушул максатты карай ишенимдүү жана ырааттуу түрдө жылышы керек.

Өзүңүз катышкан эң кызыктуу долбоор жөнүндө айтып бериңизчи?

Бир нече жыл мурда мен Эл аралык финансылык корпорациялардын (IFC)  Кыргызстандын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоорунда көз карандысыз эксперт катары чыктым. Бул долбоор өзүнчө эле менин карьерамдагы маанилүү белги болуп калды, алып айтканда, ал мени ЭФУнун  ролун жана келечектеги өлкөнүн бейкуттугуна салган салымынын олуттуулугун кайра терең ойлонуп чыгууга  алып келди.

Долбоор «Тушум жана менин багытым» («Мой урожай и мое финансовое благополучие»)деп аталган жана насыяларды жоопкерчиликтүү пайдалануу жана карыздарды башкаруу жана калктын финансылык келечегин жакшыртуу маселелерин чагылдырууга багытталуу менен бардык жаш курактагы  адамдар үчүн  көңүлдүү, позитивдүү социалдык иш чара катары боло турган коомдук жарманкени, масштабдуу фестивалды өткөрүүнү белгилеген. IFC тин финансылык сабаттуулукту көтөрүү боюнча бул долбоору Нарын жана Талас шаарларында өткөрүлгөн. Шаарлар кокусунан тандалып алынган эмес,  КРУБдун статистикасы боюнча  карыз алуунун деңгээли Нарын жана Талас облустарында өзгөчө жогору. Фестивалдын программасына үй-бүлөлүк бюджетти түзүү, акча топтоолордун маданиятын калыптандыруу, карыздардын тобокелдиктерин түшүнүү, бизнести башкарууга насыя кантип жардам бере тургандыгы жөнүндө маалыматты алуу сыяктуу маселелерге багытталган билим берүү элементи киргизилген. Бул жети күндүк иш чаранын учурунда атайын жасалгаланган павильондордо эл кесипкөй эксперттерден тез жети мүнөттүк жекече кеңеш берүүлөрдү   ала алышты. Мен эксперттердин бири катары адамдар менен сүйлөшүп жаттым. Кийин, алардын суроолорун, жоопторун жана жүрүш-туруштарын анализдөө менен, микрофинансылык уюмдардын кардарларынын ой жүгүртүүлөрүн түшүнүүнүн принципиалдуу жаңы деңгээлине алып чыккан бир катар абдан маанилүү тыянактарды  жасадым жана биздин кардарлардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүн даана түшүндүм. Анткени так ошонун өзү –келечектеги гүлдөп өсүүнүн башкы негизи .

Сиз Кыргызстандын активдүү өнүгүп келе жаткан микрофинансылык компаниясынын бирин башкарып жатасыз, эксперт катары жакынкы бир нече жылда микрофинансылык секторду эмне күтүп жатат, айтып бериңизчи, Сиздин божомолдоруңуз кандай?

Микрофинансылоо кичи бизнести колдоонун каражаты катары түзүлгөн, дүйнөлүк практикада ал ушундай ойлонуштурулган жана ошол боюнча эле Кыргызстанга келди.  Биздин өлкөдө микрофинансылык уюмдар насыяларды бизнес боюнча гана эмес, башка  кеңири спектрдеги максаттарга, анын ичинде  чоң эмес суммалардагы кыска мөөнөттүү насыяларды дагы  бере турган болду.  Белгилүү тарыхий мезгилде бул тенденция туура эмес көрүнүштөргө ээ боло баштады. Жергиликтүү бизнести көтөрүүнүн ордуна МФУ лар жогорку үстөк менен майда карыздарды берүү менен алектенип, өз финансылык мүмкүнчүлүктөрүн эсептебеген адамдардын социалдык чыңалууну түзүү менен микрокарыздарга батуусуна алып келди.  Улуттук Банк жана башка көзөмөлдөөчү уюмдар белгилүү талаптарды жана чектөөлөрдү койуу менен микрофинансылык уюмдардын рыногун  кесипкөй эмес жана ниети таза эмес оюнчулардан тазалоо үчүн бир катар чараларды көрүп жатышат. МФУга карата талаптарды жогорулатуу  менен жөнгө салуучу ошону менен микрофинансылоого болгон ишенимди көтөрүп жатат. Калк үчүн насыялоонун түшүнүктүү жана айкын шарттары менен жогорку стандарттарды  сактап жаткан компаниялар иштерин ийгиликтүү улантып жатышат. Рыноктун көлөмдөрү кыскарбайт, анткени  адамдарга банктардан башка дагы карыздар керек. Анын үстүнө, калктын негизги бөлүгү ар кандай себептер менен банктан насыяларды ала алышпайт. Кандай болсо дагы, кардарлар утушта болот.

Сиз  МФК “Алма Кредит” ЖАКунда кандай узак жана кыска мөөнөттүү максаттарга жетейин деп жатасыз?

Компаниянын стратегиясы кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча универсалдуу финансылык институтту түзүүгө багытталган. Биринчи кезектеги милдеттер өзүнө насыялык портфелди кеңейтүүнүн, портфелди диверсификациялоонун, кызматтарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүнүн, чет өлкөлүк капиталды тартуунун, эл аралык сертификацияны өтүүнүн эсебинен микрофинансылык рыноктун үлүшүн көбөйтүүнү, башкача айтканда күнүмдүк көрсөткүчтөрдү жакшыртуу боюнча туруктуу продуктивдүү ишти жүргүзүүнү  камтыйт. Микрофинансы- бул каржылоонун булактарына жеткиликтүүлүккө ээ болбогон адамдардын ишкердик потенциалын активдештирүүнүн инструменти. Биздин милдет ушул инструментти толук күч менен иштөөгө мажбурлоо.  Статистика боюнча биздин кардарлар –бул кичи ишканалар, көбүнчө чекене соода жана сервис менен алектенген жеке ишкерлер, ал эми зайымдарды болсо, жүгүртүүчү каражаттарды толуктоо жана негизги каражаттарды сатып алуу үчүн жумшашат. Ушул чөйрөдө биз Кыргыз Республикасынын бизнесмендери үчүн каржылоонун алмаштыргыс булагы болуп калгыбыз келет.

Ушул жылы МФК “Алма Кредит” ЖАКунда корпоративдик облигациялардын биринчи чыгарылышы болду, азыр биз баалуу кагаздардын рыногун тестирлеп, тажрыйба топтоп жатабыз жана ушул багытта мындан ары иштөөнү  улантабыз. Мындан башка, жакынкы максаттардын ичинде –финансылык лизингдин моделин киргизүү, калктан депозиттерди тартуу, инновациялык стратегияларды жана технологияларды тартуу.  Албетте, кардарга көңүлдү топтоо жөнүндө унутпоо керек, биз компаниянын тейлөөнүн максималдуу ылдамдыгына жетишүүсүнө жакындоого, бардык бизнес-процесстерди аткаруунун эффективдүүлүгүнө, калктын үй-бүлөлүк бюджетти жана бизнести башкаруудагы финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана биздин кардарлар үчүн сапаттуу сервисти уюштурууга  мүмкүндүк  берүүчү бир катар чараларды ишке ашырабыз.

Социалдык тармактарда бөлүшүү