Жаңылыктар

Урматтуу кардарлар, кымбаттуу достор!

«Алма Кредит» микрофинансылык компаниясынын жамааты жана жетекчилиги Сиздерди  Жаӊы жылыӊыздар менен чын дилинен куттуктайт!

 2018-жылы компания ийгиликтүү иштин биринчи беш жылдыгын артка калтырды, бул биз үчүн жакшы мөөнөт, мында «Алма Кредит» өзүнүн кубаттуу  потенциалын, андан ары өнүгүүсүнүн кызыктуу келечегин көрсөтө алды.

Сиздер аркылуу биз көп нерселерге жетиштик – компания өнүгүүнүн жана өсүүнүн динамикасын көрсөттү.
Бизге ишеним артканыӊыздар, Бизди тандаганыӊыздар үчүн Сиздерге тереӊ ыраазычылык билдиребиз.
Биз Сиздер үчүн иштеп, Сиздер менен биргеликте өнүгүп жатабыз!

Компания келечекке ишеним менен карап, Кыргыз Республикасынын микрофинансы секторунун жана өлкөнүн жалпы эле экономикасынын өнүгүүсүнө өз иши менен олуттуу салым кошуу үчүн бардык мүмкүнчүлүгүн жумшайт.

Сиздерге Жаӊы жыл бакубатчылыкты, бейпилдикти жана ийгиликтерди  алып келсин!  Кыялдарыӊыздар ишке ашып, мерчемдеген тилектериӊиздер аткарылсын.
Үй-бүлөӊүздөргө жылуулук жана сүйүү, жакындарыӊыздарга ден соолук каалайбыз!

Жаӊы жылыӊыздар менен!

Социалдык тармактарда бөлүшүү