Жаңылыктар

«АЛМА КРЕДИТ» КЫЗМАТЧЫЛАРЫН ОКУТУУ – КАРДАРЛАРДЫ ЖОГОРКУ САПАТТА ТЕЙЛӨӨНҮН КЕПИЛДИГИ

«Алма Кредит» микро финансы компаниясынын кызматчылары «Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн усулдары» аттууу семинарда окушту, анын программасында көйгөйлүү береселер менен иштөө жаатындагы кесипкөй адистер тарабынан насыялар боюнча береселер менен иштөөнүн дүйнөлүк стандарттары жана натыйжалуу усулдары, насыялык портфолиону чыӊдоо ыкмалары, ошондой эле финансылык сабаттуулукту жогорулатуунун жалпы маселелери чагылдырылган.
«Алма Кредит» үчүн кардарлар менен, өзгөчө, турмуштун катаал кырдаалында болгон жана насыялык бересеси бар кардарлар менен  түздөн-түз иштеген кызматчылардын кесипкөйлүгүн жогорулатууга инвестиция салуу өтө маанилүү болуп саналат, себеби береселер менен иштөөнүн цивилдик ыкмасы боюнча дүйнөлүк стандарттардын деӊгээлиндеги  билим өтө маанилүү.

Социалдык тармактарда бөлүшүү