Жаңылыктар

«АЛМА КРЕДИТ” КАРДАРЛАРГА БАЙЛАНЫШТЫН АЛЫСТАТЫЛГАН КАНАЛДАРЫНА АРТЫКЧЫЛЫК БЕРҮҮНҮ СУНУШ КЫЛАТ

Урматтуу кардарлар,

Коронавирустун таралышына каршы аракет кылууга байланыштуу  кардарлардын жана “Алма Кредит” микрофинансылык компаниясынын кызматкерлеринин саламаттыгы жана өмүрү биз үчүн абсолюттук приоритет болуп саналат. Ушуга байланыштуу биз бардыгыныздарды жарандык жоопкерчиликти көрсөтүп , коронавирус пандемиясынын мезгилинде этияттыктын бардык чараларын сактоого чакырабыз.

Биз кардарларды  телефон, WhatsApp аркылуу, Компаниянын расмий сайтындагы  чаттан  консультацияларды алып турууга чакырабыз. Насыяга онлайн - өтүнмө  расмий сайтта кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн атайын  иштелип чыккан. “Алма Кредит” МФК сы кардарлардын Компаниянын офистерине  келүүсүн  мүмкүн болушунча  минималдаштырууга аракет жасап жатат.

“Алма Кредит” МФК сы кардарлардын жана кызматкерлердин саламаттыгынын максималдуу коопсуздугун камсыз кылууга багытталган бардык  зарыл чараларды кабыл алып жатат: кардарлар жана кызматкерлер үчүн колду самындап жууганга боло турган жерлерге жеткиликтүүлүк камсыз кылынган, коргонуунун жана вирустун алдын алуунун каражаттары сатып алынган, кеңсе жайлары  дезинфекциялоочу каражаттар менен  дайыма иштетилип турат. Ошондой эле кызматкерлердин иш сапарларына жана ары-бери жүрүүлөрүнө чектөөлөр киргизилди. Кооптуу топтогу кызматкерлерди алыстатылган ишке которуу боюнча план даярдалды.

Социалдык тармактарда бөлүшүү