Жаңылыктар

НООРУЗ МАЙРАМЫҢАР МЕНЕН КУТТУКТАЙБЫЗ ЖАНА СИЗДЕРГЕ ДЕН СООЛУК КААЛАЙБЫЗ

Урматтуу кардарлар, кымбаттуу достор!

“Алма Кредит” компаниясы Сиздерди көптөн күткөн Нооруз майрамы менен куттуктайт! Жаратылыш  жаңырган бул  жаркын майрам Сизге жана Сиздин жакындарыңызга  жакшылык берип, бейпилдикти жана ден соолукту  алып келсин. Бул жылкы жагдайлар шаңдуу майрамдоолорду уюштурууга мүмкүндүк берген жок, ошентсе дагы Сиздердин бул жаркын майрамдын кубанычын жана жылуулугун  кабыл алышыңарга жолтоо болбосун. Биз Сиздерге  жарашыктуулукту  жана аруулукту  каалайбыз, ушул ыйык күн бардык кыргызстандыктардын жүрөктөрүн жакшы үмүттөргө толтурсун, оору-сыркоо жана кайгы Сиздердин үйдөн алыс болсун!  

Нооруз майрамыңыздар менен!

Социалдык тармактарда бөлүшүү