Жаңылыктар

КР ӨКМӨТҮ 3 АЙЛЫК ЧЕГЕРИЛГЕН ПАЙЫЗДЫ ТӨЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ ЧЕЧИМ КАБЫЛ АЛДЫ

Урматтуу кардарлар,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жарлыгы менен 100000 сомдон ашпаган суммадагы насыялар боюнча чегерилген пайыздарды кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Ордун толтуруу 2020-жылдын декабрь, 2021-жылдын январь жана февраль айларына чегерилген пайыздарга гана тиешелүү (жалпысынан 3 ай бою). Ошол эле учурда, 2020-жылдын ноябрь айына чегерилген пайыздар насыя боюнча төлөмдөрдүн графигине ылайык төлөнүшү керек.
Эсептелген пайыздардын ордун толтуруу, төмөнкү критерийлер сакталган насыя алуучуларга берилет:
1. Насыя 2020-жылдын 1-октябрына чейин алынышы керек;
2. Алгач алынган насыянын суммасы 100000 сомдон аз же ага барабар болушу керек.
Бул үчүн, насыя алуучу, 2020-жылдын 5-декабрына чейин, ЖАК "АЛМА КРЕДИТ" МФКсына жазуу жүзүндөгү арыз менен кайрылышы керек.
Белгилей кетсек, КР Өкмөтүнүн токтому менен насыя алуучулар насыянын негизги суммасы боюнча карызды төлөөдөн бошотулган эмес.
 

Социалдык тармактарда бөлүшүү