×

Предупреждение

Не удалось загрузить XML-файл
Opening and ending tag mismatch: hr line 5 and body
Opening and ending tag mismatch: body line 3 and html
Premature end of data in tag html line 1
×

Ошибка

nbRatesHelper::loadRates(): Invalid server response
Алдын ала эсептөөлөрдүн стабилдүүлүгүн жана тактыгын талап кылгандарга эң ыңгайлуу инвестициялоонун мыкты варианты облигация болуп саналат. Облигациялар, алдын ала белгилүү акча агымынын узак мөөнөттүн ичинде алууну болжолдойт.

Эгер сиздин максатыңыз, акча каражаттарыңызды сактоо жана алардын көбөйүшү болсо, анда облигацияларды сатып алуу Сизге ыңгайлуу. “Алма Кредит” ЖАК МФК облигациялары, Сиздин  акча каражаттарыңыздын ишенимдүү жана ыңгайлуу сакталашынын чечими.

“Алма Кредит” облигацияларын сатып алуу артыкчылыктары:

Облигация – баалуу бересе кагазы, бул боюнча эмитент (“Алма Кредит” ЖАК МФК)- инвесторго келечекте белгилүү сумманы жана белгилүү бир пайызды төлөп берүүгө милдеттенет. Облигацияны сатып алууда өзүңүздүн каражаттарынызды  Сиз тандаган компанияга белгиленген пайызда жана белгиленген мөөнөткө саласыз (инвестициялайсыз)
  • Стабилдүү жана ишенимдүү киреше. Белгиленген пайыздык ставка чыгарган компания тарабынан өз алдынча өзгөрүлбөйт, ошондуктан белгилүү бир мөөнөт ичинде Сиздин кирешениздин өлчөмү кандай болоору так дайын болот.
  • Банк депозитине салыштырмалуу мындай мүмкүнчүлүк көбүрөөк киреше алып келет. Пайыздарды жоготуп албаш үчүн салымдын аяктоо мөөнөтүн күтпөй эле койсо болот. Депозиттин шарттарына ылайык салым ээси мөөнөтүнөн эрте келишимди бузган учурда пайыздарын  жоготуп алышы мүмкүн, ал эми облигациянын шарттарында амантчы топтолгон бардык киреше купондорун алат.
  • “Алма Кредит” ЖАК МФК облигациялары боюнча киреше алган жеке тараптар киреше салыктардан бошотулат.
  • Сиз облигацияларды дайым рынок адилеттүү наркта сата аласыздар.
  • Облигациялар 1000 сом номиналында чыгарылат, ошондуктан бардыгы баалуу кагаздарга ээ болууга мүмкүнчүлүк алышат (кирүү босогосу төмөн)

“Алма Кредит” ЖАК МФК облигацияларына инвестициялоо – өтө оңой! Сизди кызыктырган суроолор боюнча биз менен гана байланышыңыз, Сизге профессионалдуу кеңештерди берүүгө шашылабыз.

Облигацияларды жайгаштыруу, жеке адамдарга жана юридикалык жактарга  чексиз ачык сатыкта болот – Кыргыз Республикасынын резиденттерине жана резидент эместерине. Жеке  адамдардын личностун күбөлөндүргөн документтерди көрсүтүү менен муну менен бирге КР мыйзамында каралган жагдайлардан башкасында пайыздык кирешени жайгаштыруу, төлөө боюнча операциялар, ошондой эле облигацияларды жоюу ишке ашат.

Облигациялар документтик эмес (счеттордо жазуу түрүндө) таризде  эмителет, “Реестродержатель Медина” ЖЧК көз карандысыз каттоочу облигационерлердин реестрлерин сактоо жана учетун  жүргүзөт. Облигациялар боюнча кирешелүүлүк “Аскоинвест” ЖЧК андеррайтер тарабынан ар квартал сайын нак акча каражаты же карталык счетко же болбосо банктык счетко алынган облигациялардын пайыздарынын төлөнүшү боюнча формаларды толтуруудан кийин гана которулат.

“Алма Кредит” ЖАК МФК тууралуу жалпы маалымат

“Алма Кредит” ЖАК МФКнын финансылык көрсөткүчтөрү

"Алма Кредит" МФК ЖАКтын облигацияларынын биринчи чыгарылышынын эмиссиясынын проспектин жүктөө (формат: PDF, 7 Мб, орус тилинде)

"Алма Кредит" МФК ЖАКтын жөнөкөй энчилүү облигацияларынын ачык жарыялоосунун шарттарын жүктөө (формат: PDF, 7 Мб, орус тилинде)

“Алма Кредит” ЖАК МФК облигациялык аткарымдар жана башка суроолор боюнча «Аскоинвест» ЖЧК андеррайтер-компаниясынын кеңселерине төмөнкүлөр боюнча кайрылыңыздар: Бишкек ш., «Кыргызская Фондовая Биржа» ЖАК имараты, Москва көч. 172 - 1 кабат(оң жагында).   0-550-511-317 аркылуу биз менен байланышыңыздар.

Эмитент

«Алма Кредит» ЖАК МФК

Уюмдун иш-аракеттеринин түрү

Микрокаржылоо кызматын көрсөтүү

Жетекчинин ФАА

Ганиева Уулжан Исламкуловна

Дарек

Юридикалык: Бишкек ш., Медеров көч., 117

Фактылык: Бишкек ш., Манас просп, 41а/4

Телефон

0312  88 19 90

Баалуу кагаздардын түрлөрү

Арналуу пайыздык облигациялар

Чыгаруу көлөмү

 50 000 000 сом

Чыгарылган баалуу кагаздардын саны

50 000 экз.

Номиналдык нарк

1 000 сом

Кирешелүүлүк

Жылына 19% барабар

Пайыздык кирешенин төлөнүшү

Ар квартал сайын

Айланым мөөнөтү

2 жыл

Бир айда пут-опциондун максималдык суммасы

10 000 000 (он миллион) сом

Листинг категориясы

«Blue Chips»

Жайгаштыруунун башталыш датасы

14 июня 2017

Төлөө датасы

14 июня 2019

Аудитор

“Кыргызаудит” ЖАК КФА

Каттоочу

“Реестродержатель Медина” ЖАК

Акча каражаттарды мөөнөтүнөн эрте төлөө

Инвесторлор облигацияларды мөөнөтүнөн эрте төлөп жумшалган каражатты ала алат. Облигациялар номиналдык нарк боюнча төлөнөт – 1 000 сом

Натыйжалуу пайыздык ставка

19,75%

ЖЕКЕ КИРЕШЕ САЛЫК САЛЫНБАГАН ЖАНА КИРЕШЕГЕ САЛЫК САЛЫНБАГАН “АЛМА КРЕДИТ” ОБЛИГАЦИЯЛАРЫ БОЮНЧА  КИРЕШЕНИН ЭСЕП –КЫСАБЫ 

Салым суммасы(сом)

Ар бир кварталда киреше(сом)

2 жыл ичиндеги киреше (сом)

10   000

475

3800

100   000

4750

38000

1   000 000

47500

380000

10   000 000

475000

3800000