«Алма Кредит» ЖАК МФКнын кардарларынын билдирүүлөрүн натыйжалуу иштетүү үчүн:
1. "Алма Кредит" ЖАК МФКнын кардарларын колдоо кызматы иштейт, ал үчүн "Алма Кредит" Колл- Борборуна кайрылсаңыздар болот.
+996 (559) 88-22-22
+996 (779) 88-22-22
+996 (709) 8 8-22-22
2. Whats up: +996 (559) 882 222;
3. Өзүнчө электрондук адрес бар, Сизге ыңгайлуу болгон учурда кат жөнөтсөңүз болот. Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.;
4. Кардарлардын сунуштарын жана суроо-талаптарын кароо боюнча атайын жол-жоболор бар. (төмөндө берилди)
5. "Алма Кредит" МФКнын бардык филиалдарына сунуштар жана пикирлер боюнча китепчелер бар.
6. Жетекчинин атына каалган компаниянын офистеринде эркин форматта арыз жазып калтыруу мүмкүнчүлүктөрү бар.
7. Сизди кызыктырган суроолор боюнча социалдык тармактардагы расмий баракчалардан тез жооп ала аласыз.
8. Фейсбук https://www.facebook.com/AlmaCredit/
9. Инстаграм https://www.instagram.com/almakredit/
10. Одноклассники https://ok.ru/alma.credit/
"Алма Кредит" МФК жарандардын кайрылууларын кароо тартибинин кыскача көчүрмөсү
Керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кароо акысыз жүзөгө ашырылат. Компаниянын кызматкерлери даттануу, суроо-талап же сунуш менен кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн керектөөчүлөрдү ажыратууга же кандайдыр-бир жол менен чектөөгө укугу жок. Кайрылууларды кабыл албоого жол берилбейт. Керектөөчүлөрдүн бардык кайрылуулары түрүнө карабастан, аты-жөнү, дареги, байланыш маалыматтары милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө жана кайрылуунун маани-маңызы баяндалууга тийиш. Жазуу жүзүндөгү кайрылууларга керектөөчүнүн жеке колу жана кайрылган күнү коюлат. Жеке жана байланыш маалыматтары, ошондой эле жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон почта дареги көрсөтүлбөгөн керектөөчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу тоголок кат деп таанылат жана каралбайт. Компаниянын кызматкерлеринин, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүн уят-сыйытсыз же болбосо мазактаган билдирүүлөрү, өмүрүнө, ден-соолугуна жана мүлкүнө коркунуч туудурса, анда керектөөчүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусу каралбастан калтырылышы мүмкүн. Керектөөчүнүн атайлап, почта байланышы аркылуу же компаниянын электрондук почтасына келип түшкөн, же жеке кабыл алынган жазуу жүзүндөгү кайрылуусу каттоо журналына бир жумуш күнү ичинде катталууга тийиш.
Кайрылууларды каттоо журналы башкы кеңсенин жооптуу кызматкеринде болот. Офиске келип түшкөн бардык кайрылуулар кайрылууларды каттоонун бирдиктүү журналына катталат. Жооптуу кызматкерлер кеңселердеги бардык жазуу жүзүндөгү кайрылууларды корпоративдик электрондук почта менен жооптуу жетекчиге жана жооптуу кызматкердин дарегине кайрылууну бирдиктүү журналга каттоо үчүн беришет.
Электрондук почта аркылуу компаниянын дарегине келип түшкөн Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. (эл.адрес) кайрылууларды кадрлар бөлүмү аткаруучу директордун электрондук дарегине токтоосуз жөнөтөт жана кийинки жумуш күнүнөн кечиктирбестен керектөөчүнүн электрондук почтасына кайрылууну алгандыгы жөнүндө ырастоону жиберет же болбосо керектөөчү телефон аркылуу кабарландырылат. Кардарлар жана башка бардык адамдар башкы кеңсенин +996 550 770 146 номери аркылуу телефондук билдирүүлөрдү калтыруу мүмүкүнчүлүктөрү бар.
Телефон аркылуу кайрылууда байланышуучунун аты жөнү компаниянын бардык офистеринин маалымат тактасында көрөтүлгөн. Телефон аркылуу кайрылуулар да каттоо журналына катталат.
Кайрылууларды кабыл алуу тартиби.
Кардарлардын кайрылууларын кабыл алууда жана кароонун жүрүшүндө техникалык мүчүлүштүктөрдү болтурбоо максатында жооптуу кызматкерлер тарабынан төмөнкүдөй иштер аткарылат:
1) кайрылууну каттоо;
2) жооптуу жетекчилерге кайрылууну жөнөтүү;
3) кайрылууну кароо жана жооп түзүү;
4) даттанууну жиберген кардарга жооп берүү;
5) сунушту жиберген кардарга жооп берүү милдеттүү түрдө эмес.
Даттанууларды кароо мөөнөтү.
Компанияга келип түшкөн керектөөчүнүн кайрылуусу катталган күндөн тартып, он жумуш күнүнүн ичинде каралат. Керектөөчүнүн кайрылуусун кароо үчүн кошумча текшерүү же башка чара көрүү зарыл болгон учурда, кароо мөөнөтү жооптуу жетекчи тарабынан он жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн, бул жөнүндө керектөөчүгө кабарланат.
Компания насыяларды тейлөө убактысында зайымчынын суроо-талабына беш жумушчу күн ичинде оозеки же жазуу жүзүндө айына бир гана жолу маалымат берет:
1) кредит боюнча төлөнгөн акча каражаттарынын суммасы жөнүндө;
2) кезектеги төлөмдөрдүн өлчөмү жана мөөнөттөрү жөнүндө;
3) мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыздын өлчөмү жөнүндө;
4) келип түшкөн акча каражаттарын насыя боюнча карыздын ордун жабуу эсебине бөлүштүрүү жөнүндө;
5) насыяны жарым-жартылай же толук мөөнөтүнөн мурда төлөөдө тиешелүү сумманын өлчөмү жөнүндө;
6) негизги сумма боюнча карыздын калдыгы жөнүндө;
7) насыялоону чектөө жөнүндө.
Кардарга маалымат берүү.
Макулдашылган чечим боюнча келип түшкөн кайрылуулар (даттануулар, өтүнүүлөр) жазуу түрүндө болууга тийиш жана кардар-өтүнүүчүнүн (кардар-өтүнүүчүнүн ыйгарымдуу өкүлүнүн) өзүнө берилиши абзел, же жолдомо берилген күндү жазууга мүмкүн болгон байланыш каражаттары аркылуу жиберилиши мүмкүн. Сунуш жиберген кардарга жооп берүү милдеттүү эмес. Керектөөчүнүн жазуу түрүндөгү кайрылуусунун жообуна башкармалыктын төрагасы же филиалдын директору/кеңсенин ыйгарым укуктуу өкүлү кол коет, жана анда так негиздер камтылуу менен (толук же жарым-жартылай), баш тартуудагы керектөөчүнүн милдеттери жана укуктары түшүндүрүлшү керек. Жоопто жооптуу аткаруучу жөнүндө маалымат жана анын байланыш каражаттары камтышы керек. Зарыл болгон учурда отчетко документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет. Компаниянын кайрылууну кароо жыйынтыгы боюнча керектөөчүгө берген жообу кайрылган тилде - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик же расмий тилинде берилет. Эгерде компанияга бир нече керектөөчү (жамааттык кайрылуу) жазуу жүзүндө кайрылган учурда, кайрылуунун өзүндө башка көрсөтүлбөсө, анда жооп биринчи кайрылууда көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүлөт. Керектөөчүнүн оозеки кайрылуусунда баяндалган маселе кошумча иликтөөнү же кошумча текшерүүнү талап кылбаса, кайрылууга жооп ыкчам, оозеки түрдө, телефон аркылуу же жеке кабыл алуунун жүрүшүндө берилиши мүмкүн. Эгерде суроо оозеки кайрылууда ыкчам каралбаса жана кошумча изилдөөнү талап кылса, керектөөчүгө кайрылууну жазуу жүзүндө тастыктоочу документтерин тиркөө менен берүү сунушталат.
Ошондой эле сиз Компаниянын жетекчилиги менен кабыл алуу убактысында (дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 15:00-16:00 аралыгында) жолуга аласыз. Компаниянын жетекчиилиги менен жолугушуу уюштуруу үчүн кабыл алуу +996 (312) 881990 телефонуна чалууңуздарды суранабыз.
Келүүчүлөрдү кабыл алуу графиги:
Башкармалыктын Төрагасы
Ормотоев Эрмек Джакшылыкбекович: Шейшемби, Бейшемби, 15 00 - 16 00
Башкармалыктын төрагасынын орун басары
Таласбаев Эрмек Насрединович: Дүйшөмбү, Шаршемби, 15 00 - 16 00
Коронавируска жана оор санитардык - эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу, жарандарды кабыл алуу 2020-жылдын 30-августуна чейин убактылуу токтотулган.