Бул Наргиза Сабырбекова аттуу кыздын баяны, ал өзү жаш болсо дагы Токмокто өзүнүн чакан бизнесин ийгиликтүү башкарат. 2015-жылы жергиликтүү калк «Пятачок» деп атаган жерден, аялдаманын жанынан 1-кичирайонунан контейнер ижарага алып кийим сатуу ишин баштайт. 
Үч жыл өткөндөн кийин 2018-жылы жаш ишкер айымга товар айлантууну көбөйтсө, бизнеси кыйла жакшыра тургандыгы белгилүү болот. Максатка умтулган ишкер айым товар айлантуусун жогорулатуу үчүн займ алат, дал ошол убактан баштап   Наргиза менен «Алма Кредит» компаниясынын ортосунда кызматташуу башталат. Ал насыяны жаба ала тургандыгына көзү жеткенден кийин, кайрадан насыя алып, жаңы соода аянтынан дүкөн ачат. 

Наргиза азыркы учурда кардарларга ар түрдүү ассортименттеги аялдардын, эркектердин жана балдардын кийимдерин, ошону менен катар суроо-талап жогору болгон түркиянын сапаттуу товарларын сатып келет. Ийгиктүү ишкер айым дүкөндө иштеп жүргөн мезгилинде өзүнүн жакшы кардарларын топтогон. Алар: "Умут-Ко", балдарына жакшынакай сапаттуу кийим алган Токмоктогу мектеп окуучуларынын ата-энелери, оорукана кызматкерлери, өрт өчүрүү кызматкерлери ж.б. Наргиза аркылуу кардарлар сапаттуу кийимдердин жакшы жетирүүчүлөрдү жана сатуучуларды, ал эми «Алма Кредит» МФК аркылуу Наргиза өзүнүн өсүп келе жаткан бизнеси үчүн ыңгайлуу насыяны, ишенимдүү өнөктөштү тапты. 

Наргиза дайыма насыя алган «Алма Кредит» филиалынын директору Мээрим Токтогулова, буларга токтолду: «Биз кардарыбыздын ишкерликтеги стратегиялык ой жүгүртүүлөрүнө суктанып бүтпөй келебиз. Наргиза өзүнүн ар тараптуу таланты менен ишкерлик карьерасында  көптөгөн ийгиликтерге жетишет. «Алма Кредит» компаниясы ага бизнесин кеңейтүү үчүн жеткиликтүү жана пайдалуу насыялоону сунуштоо менен дайыма бирге болот». 

«Алма Кредит» ЖАК МФКсына ыраазычылык билдирем, -деди Наргиза Сабырбекова, мен өзүмдүн кыялымдагы дүкөнгө ээ болдум. «Алма Кредит» менен иштеген жемиштүү жылдар ичине дээрлик толук өз ара түшүнүүгө жетише алдык. Менин насыя боюнча жакшы баяным бар, бул үчүн мен сыймыктанам. Биз дагы көп жылдар бирге иштешебиз деп ишенем.    Алар менен иштөө жагымдуу болду жана кесипкөй, түшүнүктүү команда түзгөндүгү үчүн «Алма Кредитке» ыраазычылк билдирем».

Акыркы күндөрү, чоң-чоң гиппермаркеттер алыскы райондорду да тейлөөдө, чакан базарлар жана азык-түлүк дүкөндөрү, өздөрүнүн сатуу деңгээлин сактоо үчүн алар менен атаандашууга туура келүүдө. Мындай чоң атаандаштык биздин каарманды эч качан коркуткан эмес. Кенжеева Анаркул 2001-жылдан бери өзүнүн чакан азык-түлүк дүкөнүн башкарып келет. Ал эми он жылда ишкерликте жана бизнесте көп тажырыйба топтоо менен бул тармактын маселерин, сатуунун ыкмаларын, кантип кардарлардын суроо-талаптарына жооп берүүнү, атаандаштыкка тура билүүнү үйрөндү.  Самаргул: «Эн башкысы туура жерди тандоо, кеңири ассортимент, ар бир кардарга жекече мамиле жана сатуучунун жылмаюу болуп саналат».

Ишкер өзүнүн кардарларынын көпчүлүгүн тааныйт жана алар кубануу менен келишет, эч качан бузулган же начар сапаттагы азыктарды сунуш кылбайт. Анаркул эженин турмуштук принциби «Жумушуңуздан ырахат алыңыз». Анаркул Кенжеева 2019-жылдын башында үйүнө жакын жердеги «Алма Кредит» микрофинансылык компаниясынын филиалына кайрылган. Ишкер айым дүкөнүнө зарыл болгон товар айлантууну көбөйтүүнү чечип, башында анча чоң эмес көлөмдөгү насыя алат. Керектүү документтерди тапшыргандан кийин тез арада  насыя алуу жактырылып, Анаркул менен «Алма Кредит» ЖАК МФК ортосунда жемиштүү кызматташуу башталды. Кардар насыя алган «Алма Кредит» филиалынын директору белгилегендей: «Чакан  насыяларды алуу калк жашаган аймактар менен катар жайгашкан. Күнүмдүк суроо-талапка ээ азыктар өзгөчө, ассортименттер көп  болгондо жакшы сатылат. Анаркул бизден үч жолу насыя алды жана анын товар айлантуусу жана кирешеси өсүп, азыркы абалына ыраазы болууда. Эң башкысы – азыктарды түрү көбөйүп кардарлардын тандоосу жогорулады. Ар түрдүү бизнестин негизи – бул ыраазы болгон кардар . «Алма Кредит» компаниясы ишкер айымга ийгилик каалоо менен дайыма пайдалуу насыялоону сунуштайт». 

Өзүнүн менчик үйү болууну каалган ар кандай курактагы, ар кандай социалдык абалдагы адамдар келишет. Бирок Кыргызстанда ипотекалык турак-жай алууну ойлобогон адамдарды эч канчан таба албайсыз. Биздин башкы каарман Джамгурова Шаршенбүбү да мындан сырткары калган эмес.  Беш баланын сүйкүмдүү апасы, чоң энеси жана азыркы убакта неберелин камкордук менен тарбиялап келет.  

«Ар бирибиз үчүн оор иш күнүнөн кийин күч-кубат алуучу үй бүлөбүз жана бара туган  жерибиз болуш керек, - дейт Шаршенбүбү, качан  ипотекалык насыя алуу тууралуу ойлору бышып жетилгендигин эскерет. Менчик турак-жай алуу үчүн акча каражатын топтоо ондогон жылдарды талап кылыш мүмүкүн. Анын ордуна насыя алып, ыңгайлуу жашоо түзүп алып,  карызды төлөсө болот». Албетте, кээ бир адамдары узак  мөөнөттүү карызды төлөө коркунучтуу туудурат, бирок насыяны төлөө жылга созулушу мүмүкүн. Анткени менен, өзүңдүн менчик турак-жайың болгондугун сезүү - бул бакыт. Эмеректерди, дизайнды жана үй тиричилигине тиешелүү техникалдары өзүңүз каалагандай табитиңизге  жараша жайгаштыруу мүмүкүнчүлүгүнө ээ болосуз. 

Шаршенбүбү: «Чарчы метрге салган салым өзүн актайт. Башкысы, насыя алардан мурда   алдын-ала кандай тартипте төлөй тургандыгыңызды так пландап,  төлөө керек. Жолдошум экөөбүздүн дыйканчылык жана мал-чарбачылыгында 20 жылдан ашык тажырыйбабыз бар, биз  «Алма Кредит» МФКнан насыя алуудан мурда «оң» жана «терс» жактарын таразаладык. Ошондуктан бизде төлөй албай калуу же жана башка маселелер жаралган жок жана төлөмдөрдү убагында төлөп жатабыз, неберелерибиз чоңоюп жатышыт, үйүбүздү да акырындап жайгаштырып жатабыз».  

Шаршенбүбү ипотекалык насыя алган «Алма Кредит» филиалынын директору Токтогулова Мээрим кардарын абдан мактады: «Биз ал үчүн абдан кубанычтабыз, аял катары жана да очоктун сактоочусу катары суктанабыз, ошону менен катар акылман, насыяларды төлөөдө да тартиптүү, уюшкандуу кардар болуп саналат. Көптөгөн Кыргызстандыктар үчүн ипотека – бул жашоону жакшы жакка өзгөтүүдө жана эртеңки күнгө ишенимдүү турак-жайга ээ болууда мүмкүнчүлүк болуп саналат. Биздин чакан мирофинансылык компания сиздерге ар дайым жардам берүүгө жаны аны ишке ашырууга даяр». 
 

«Алма кредит» МФКнын туруктуу жана алгачкы кардарларынын бири Матраимова Данахан «Балдар – биздин бардыгыбыз» -деп айтканды жакшы көрөт. Ал 2000-жылдардын башында эле өзүнүн жаш балдарга арналган кийимдер менен соодасын баштаган. Бул тармакты тандоо кокстуктан болгон эмес. «Бала  жакшы жана сапаттуу кийим кийип жүрүшүнө ар бирибиз ишенимдүү болушубуз маанилүү,- деди Данахан чечкиндүү, -мен өзүм чоң апамын, менин көпчүлүк неберелерим али кичине, 6 жашка чейин, кичинекей куракта баланын канчалык сапаттуу кийим кийип жүргөндүгү өтө маанилүү. Мен көп жылдар боюнча бизнестемин жана ишенимдүү түрдө айта алам, азыркы күндө рынокто сапаты өтө төмөн көп сандагы продукциялар бар, бул жакшы эмес, алар балдардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизүүдө».  

Чындыгында, эгер кийим начар сапатта жана экологиялык жакта таза эмес болсо, баланын терисинде маселелер жаралышы мүмкүн, жалпысынан ден-соолугунда, ошондуктан ишкер айым көбүнчө кардарларына сатып алууда өндүрүүчүлөргө жана өндүргөн өлкөгө көңүл бургула деп кеңеш берет. Данахан эже өзүнүн дүкөнүндө кардарларга эң мыкты сапаттуу балдардын кийимдерин жеткиликтүү баада сунуштоону аракет кылат. 

 «Алма Кредит» филиалынын директору Абдыбекова Гульзат Данахандын таланттуу ишкер айым, мыкты чоң апа жана абдан жоопкерчиликтүү зайымчы деп белгилеп: «Данахан Матраимова бир жылдын ичинде бир канча насыя алып, мөөнөтүндө төлөдү. Анын акчаны колдоно билүүсү жана жоопкерчилиги менен сый-урматка татыйт. Ал насыяларды бизнеске салуу менен товар айлантууну жогорулатууга кошот». 
Азыр кардарыбыздын товар айлануусу 20% жогорулоо менен күндөн-күнгө бизнеси ийгиликтүү өнүгүүдө.  Данахан Матраимованын планы – ар тараптуу өнүгүү жана башка тармакта товарларды көбөйтүү. Пландар дымактуу жана көптөгөн салымдарды талап кылат. Данахан эже кайда кайрылууну билет, анткени  «Алма Кредит» ЖАК МФКсы бизнести өнүктүрүүдө өз кардарлары менен үзүрлүү кызматташууга жана жардам берүүгө ар дайым даяр.
 

Биздин таржымакалдын каарманы  - Акмат кызы Айтикан Чүй облусунда жарык дүйнөгө келген. Учурда ал «Дордой» базарынын «Евразия» секторунда аялдардын кийимин сатып эмгектенет. Бул жигердүү ишкер үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси. Көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу эле ал дагы  үй-бүлөсү менен карьерасын ийгиликтүү айкаштырып келе жатат – жакындарын колдоп, үйүнө да көз салат, жана иштегенге да жетишет.

«Кийимдерди саткан мага жагат, мен ушул кесипте өзүмдү таптым – дейт ишкер айым  Акмат кызы Айтикан. – Кардарлар кийиниш үчүн улам-улам мага келгени абдан жагат. Мен аларга кийим тандоо боюнча, жарашыгы тууралуу дайыма туура кеӊеш берип турам. Сунушталган товар аялга жарашса, анда ал кийимди узакка жан дили менен кийип жүрө берет, анан кайрадан кеӊеш берген сатуучуга кайрылып келет».

Соода менен кесипкөй алектенген адам соодада товардын жүгүртүлүшү зор мааниге ээ экендигин, андан дүӊ киреше жана пайда көз каранды экендигин  жакшы түшүнөт. Балдарга, алардын күнүмдүк жашоосуна, кийимдерине, окуусуна кеткен чыгымдар күн сайын өсүп турганын эске алсак, албетте,  товар жүгүртүүнү көбөйтүү  үчүн   каражаттарды акырындап топтоо узак убакытты талап кылат. Айтикан соода бизнесинде көп жылдан бери келе жатат, бутуна эчак турган, ошондуктан бардыгын таразалап көрүп, бизнесин андан ары да өркүндөтүү үчүн чакан кредит алууну чечкен.

«Алма Кредит» микрофинансы компаниясынын филиалынын директору Кеӊешов Тилек компания сооданы каржылоого кредиттерди жигердүү берип турарлыгын белгилейт. «Мындай кредит калк арасында чоӊ суроо-талапка ээ. Акмат кызы Айтикан – өлкөбүздөгү ийгиликтүү ишкер аялдын ачык үлгүсү, дал  ушундай бизнесмендерден Кыргызстандын өсүп келе жаткан экономикасы курулат».

50 000 сом – биздин каарман алган кредиттин суммасы, бул каражат Айтиканга товардын ири партиясын сатып алганга, анын жүгүртүүсүн акырындык менен өстүрүүгө жана аны кирешелүү кылганга мүмкүнчүлүк берди. Эгер Сиз Дордойго барып калсаӊыз, ага бара кетиӊиз, камкор сатуучу жана тажрыйбалуу ишкер айым Сизге өзүндө болгон кийимдин эӊ мыктысын гана сунуштайт.

Курманжан Абдыкадыров – Бишкек шаарында көп жылдан бери №180 маршруттук таксинин айдоочусу болуп иштеп келүүдө, шаардыктардын көпчүлүгү аны көрүп дароо таанып, анын ачык чырай менен жылмайган жүзүн көрүп өздөрө да жылмайышат. Буга чейин жүргүнчүлөрүн эскирген маршруткада ташычу, муну менен бирге убакыт өткөн сайын Бишкектин аңгыл-дөңгүл жолдору да таптакыр унааны жараксыз абалга алып келди. “Мен күнүнө 10 сааттан ашык убакыт  жолдо жүрөм, - деп айдоочу бизге бөлүшүп кейийт. – Жүргүнчүлөр тынбайт, өзгөчө эртең мененки жана кечки маалда, окууга жана ишке шашкандар эки эселенет. Албетте, аларды комфорттуу  жана ишенимдүү, ыңгайлуу унаада жеткирүүнү каалайм. Артыкча тазалыкка жана тыкандыкка көнгөм, ошондой эле бул менин иш ордум болуп эсептелет”.

Курманжан Абдыкадыров  “темир жоргосун” алмаштыруу керек деген чечимге келди. ЖАК МФК «Алма Кредитке» насыя алуу максатында ал 2016-жылдын октябрында жаңы модификациядагы Mercedes Benz  бусун сатып алууга келген. Бул автоунааны сатып алуу, анын жүргүнчүлөрдү ташуу ишине эң туура чечим болуп саналат, анткени жаңы автоунаа жүргүнчүлөрдү жакшы сапат менен ташууну камсыздай алат.

“Ушул күнгө чейин насыя боюнча көптөгөн сунуштарды карап чыктым”,-деп өз тажрыйбасы менен Курманжан бөлүшөт.- “Алма Кредитте” заявканы тез убакыттын ичинде так каттап алышты,  ал жерде тажрыйбалуу кызматчылар иштегени айкын көрүнүп турат, ыңгайлуу пайыздарды эсептеп беришти, мен бардыгын кайра да ойлонуштуруп, өз күчүмдү дагы караштырып, оюмду ишке ашырдым. 9120 доллар өлчөмүндө насыя жаңы бус алганга сарпталды, ал эми эски унаасын башка бирөөгө ижарага берип, кошумча киреше алып турат. “Эми жакындарыма тажрыйбамды  аркалашын сунуштайм, -деп айтты кызматкер.  Бул чакан бизнес үчүн ийгиликтүү чечим . Ошондой эле “Алма Кредитке” насыя берүүдө гана эмес, өлкөбүздүн бардык экономикалык тармактарында туруктуу өнүгүшүн каалайм.

2018-жылдын соңуна чейин Курманжан Абдыкадыров областтар ортосунда жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн дагы бир бус алууну пландаштырууда. Бул үчүн ишенимдүү, чоң жана узак жолдо жүрүүгө жогорку комфорттуу автоунаа керектелет. Жеке ишкер кандай моделге токтолоорун ойлонуп жатат, ал эми “Алма Кредит” жаңы насыя боюнча ыңгайлуу мөөнөттөрдү жана шарттарды сунуш кылууга даяр.

“Биздин компаниядан алынган насыя кардарларыбызга талашсыз зор пайда алып келген факты кубантат, -дейт, каарманыбыз насыя алган,  ЖАК МФК «Алма Кредит» филиалынын Директору Санжар Толубай уулу. Мындай ишкерлердин үлгүсү шыктандырат, көпчүлүгү жакшы жашоо деген максатты алдына коюп, ошого умтулушат. Биз, “Алма Кредитте” ар дайым алгачкы кадам жасагандарга да, тажрыйбалуу ишкерлерге да бизнестерин өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө жардам берүүгө даярбыз. Акырында айтарыбыз, кыргызстандыктар үчүн жеткиликтүү насыя берүү биздин эң маанилүү маселелерибиздин бири”.  

«Made in Kyrgyzstan» - «Кыргызстанда жасалган» - деген лейбл менен чыккан кийим-кечелер СНГ өлкөлөрүндө, өзгөчө Россия жана Казакстанда жакшы көрүп сатып алышат. КРда текстиль өндүрүшүнүн өнүгүшү өзгөчө акыркы жылдарда, ЕАЭС рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондон бери  чоң түрткү алды. Өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарында көптөгөн чакан, орто жана ири тигүү цехтери ачылууда, алардын көбү Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан. Биздин каарманыбыз, жаш ишкер Курманбек Жакыбалиев Бишкекте  жеке тигүү бизнесин баштаган.

“Мен көп жылдардан бери борборубуздагы тигүү цехтеринде бычмачы болуп иштеп келгем,- дейт Курманбек. – Бул иштин түрү ар дайым талапталган, менин бай тажрыйбам жана ар бир иштин ийне-жибине чейин карап, бүтүргөн сапатым жана тыкандыгымдын натыйжасында жумуш табуудан эч кыйналган жокмун. Элибиз жакшы кийингенди жакшы көрүшөт жана сапаттуу кийим-кечелерди билишет. Тигүү бизнесинде көп байланыштарды түзүп алгам, бул иштин маңызын түшүнүп алган соң, албетте , башка бирөөгө иштебестен  өз алдынча тигүү цехин ачууга тилектендим. Бул иштин бардык “оң жана терс” тараптарын карап, көрөңгө капиталды эсептеп пайда болуучу тобокелдиктерди эске алып, Курманбек Жакыбалиев жеке ишкер болууну чечти. Бирок ийгиликтүү башатка акча каражаты, 160 000 сом керектелген, андай өлчөмдөгү каражаты жок эле. Натыйжада, насыя алууну ойлонду.

“Курманбек, 2014 –жылдан бери биздин лоялдуу кардарыбыздын бири,-дейт Улан Жапаров, “Алма Кредит” микрофинансылык компаниясынын  Бишкек шаарындагы филиалынын директири. – Ошол кезде Курманбек алгачкы жолу компаниябыздан топтук насыя, 60 000 сом алган. Азыркы убакытка чейин “Алма Кредиттен” жыл сайын топтук эмес, индивидуалдуу насыяларды алып жүрөт. Ал тигүү цехин ачам деген идеясы менен келгенде, ага бизнес- насыя берүү боюнча эң жакшы шарттарды түзүүгө умтулдук. Тигүү өндүрүшү – эң эле алга кетүүчү тармактардын бири, кардар үчүн стабилдүү бизнес курууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”.

Жаш ишкер насыя каражатына  кийим тигүүчү жабдууларды сатып алды жана цехтин 3 айлык ижарасын төлөп койду. Жакынкы убакыттарда Курманбек Жакыбалиев Өзбекстандын рыногуна чыгууну, Ташкентте товарларын сатууга пландап жатат. Ошондой эле жаш ишкер ижарадан кутулуш үчүн жеке тигүү ишканасына ылайыкталган орунжайын толук сатып алууну да ойлоп жатат.

“Алма Кредит” атынан өнөктөш болуп калганым өтө жакшы.  Менин узакка созула турган пландарымдын орундалышына насыя каражаттары зор жардамы тийет, - дейт Курманбек. Муну менен бирге, кошумча киреше түшүп турушу үчүн “Алма Кредит” Агенттик тармагына кошулуп алдым. Жеке ишкерлер арасында бизнести өнүктүрүүгө дайым финансылоо маселеси турат, ошондуктан жакындарыма, тааныштарыма “Алма Кредиттен” насыя алууну сунуштоо аркылуу кошумча киреше алып турам.

Максатына жетүүдө Курманбек жубайы менен бирге иштейт, ал даяр кийимдердин сапатына жооптуу.  Азыркы учурда ал тигүү цехинин аркасы менен 20 кишини иш менен камсыз кылды.  Келечекке чоң кадам таштап, Кыргызстандын жеңил өндүрүшүндө өз ордун табууга үмүттөнүп, кийим тигүү көлөмүн кеңейтип, жаш ишкер өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө салымын кошуп турат.

Кыргызстанда ири супермаркеттердин тармактары кеңейип, көбөйгөн убакта да сатып алуучу суроо-талап  негизин шаарлардын, айылдардын жана базарлардын көмүскө көчөлөрүндөгү чакан жана орточо азык-түлүк дүкөндөрү тейлейт. Иштен үйгө кайтып келе жаткандарга ушундай чаканыраак дүкөндөр бат-бат керектүүлөрүн сатып алууга өтө ыңгайлуу, ошондой эле көпчүлүктүн жагымду тез соода кылуу жерине айланды.  Бүгүнкү каарманыбыз- Нурия Халикова, өзү да үй кожейкеси, үйдүн жанындагы чакан дүкөндөр көп убакытты үнөмдөрүн эске алып, чакан азык-түлүк соода түйүнүн кирешелүү бизнеске аландырды.

“Азыркы учурда адамзаты көп иштейт, дайыма шашып жүгүрүп жүрөт,- дейт ишкер-айым, Нурия Халикова. – Базарга же ири супермаркеттерде соода кылууга ар качан бош убакыт табылбайт. Ошондуктан, каалаган убакта чаканыраак дүкөндөрдө керектүүлөрдү сатып алуу оңойлукка жатат, муну менен бирге ар бир үй-бүлөнүн дайым сатып алган белгилүү азык-түлүк тизмеги бар.  Ушуну өз дүкөнүмдү ачууда эске алдым”.  Күндөн күнгө Нуриянын бизнеси жаңы кардарлар келип, өнүгө берди, бирок ишкер-айым анын соода түйүнүндө канчалык товарлардын түркүмү  көп болсо, ошончолук кардарлардын да саны көбөйүп, анын дүкөнүнө келип соода кыларын жакшы түшүнөт. Ал дүкөнүнө чоң витриналык муздаткычтарды орнотуп, анда сүт жана эт азыктарын коюуга жана ошондой эле тез тоңдуруучу жабдууларды да алайын деп жүргөн. “Тажрыйбама далил болгондой, эл көргөн нерсени алгач сатып алат, - дейт Нурия. – Ошол себептүү, витриналык муздаткычтарда азыктар турганда кирешени арттырат, кардарларыбыздын алдында ар түрдүү товарлар көрүнүп турганда соода бат жүрүшүнө шарт түзүлөт”.

Көптөн күткөн муздаткыч жабдууларын алууга кошумча акча каражаттары керектелген. Ишкер –айым финансылоо варианттарын карап чыгып, “Алма Кредит” микрофинансылык компаниядан насыя алууну чечти. Керектүү документтерди тез арада бүтүрүп, акчасы колго тиери менен эки чоң витриналык муздаткычтарды  алып, сатыкка ассортименттерди кеңейтип, дүкөнүнүн товар айланымын көбөйттү. Албетте, ушундай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында киреше да эки эселенди.

“Жакынкы убакта кардарыбыз бизнесинин дагы чоңоюшун пландап жатат,-дейт, Рыскубек уулу Нурмат, Кара-Балта шаарындагы Нурия насыя алып жүргөн, “Алма Кредит” филиалынын директири. – Кара-Балтада  “Жайыл” базарынан дагы бир азык-түлүк дүкөнүн алууну пландап жатат. Албетте,  анын бизнеси үчүн  насыянын эң  ыңгайлуусун  сунуштап,  жан-дилибиз менен орундайбыз, жеке ишкерлер үчүн насыялар – компаниябыздын эң негизги иштеринин бири болуп саналат, ошондуктан биз аны активдүү өнүктүрүүгө күчүбүздү жумшайбыз.”

1991 –жылы, Советтер Союзунун кулашынан уланган татаал жылдарда Чолпон Дайырбекова         30 000 көрөңгө капиталы менен жеке чакан бизнесин ачкан. Ал соода кылуу жайы жок эле пластикалык идиштерди Бишкектин соода түйүндөрүнө жеткирип сатып жүргөн. Бет алган ишинен кайтпаган иши акыры өз жемиштерин берди – туруктуу кардарларын иштеп алып, Ош базарынан соода жайын ижарага ала алды. Көп жылдан бери талыкпай иштеп келген ишкер-айым чакан бизнесинин өнүгүү жана кеңейүү максатында  бир нече ирет насыя алып жүргөн, 2  соода түйүнүн ачып жана 3 тонналык контейнерди соода шарттарын жакшыртууга койдурду. Насыя каражаттары товарынын ассортиментин көбөйтүүгө ошондой эле батир алууга мүмкүнчүлүк берди.

“Буга чейин товар алуу үчүн Кытайга, Казакстандын Алмаата шаарына өзүм барып келчүмүн. Бирок тилекке каршы өлкөбүздөгү экономикалык төмөндөө жана доллар валютасынын курсунун туруксуздугу алыстан товар ташуу маселесин ортого чыкса да дал ошолор максималдуу киреше камсыздандырып турчу, -дейт Чолпон Дайырбекова. – Учурда  ЕАЭСке киргенибизге байланыштуу товар алуу жана ташуу аспектилери жөнөкөйлөндү, мени кызыктырган пластикалык буюмдарды сатып алууга жаңы мүмүкүнчүлүктөр пайда болду”.

Чолпон “оң жана терс” тараптарды карап чыгып, жеке ишине жаңы дем киргизүүгө насыя алууну чечти. Буга 30 000 доллар эсебинде бир топ акча каражаты керектелген, анын бардык талаптарына жооп бере алган “Алма Кредит” микрофинансылык компаниясына токтолуп, ишкер-айым бизнесинин активдүү өсүшүнө толук даяр турду.

“Бир ирет колдонулуучу идиштер жашообузда туруктуу орундарынын бирин ээлеп калган. Ал тез татым ишканалардын ажырагыс атрибуту болуп, эң сонун сапаттарга ээ: оңой сынып калбайт, өтө жеңил, аны сактоого көп орун керектелбейт,- деп ири бизнес-насыясын бергенин комментарийлеген , каарманыбыз насыя алган “Алма Кредит” филиалынын директири Элеонора Мамыралиева, - Бишкекте тез татым ишканаларынын саны өсүүдө, кейтерингдик компаниялар, кафе, ресторан, кондитердик цехтер да  көбөйүүдө. Мунун бардыгы – пластикалык идишти дүң жана чекене сатуу үчүн ишенимдүү кардарлар негизи. Бул кардарыбыздын бизнесинин өсүп, өнүгүшү дегенди билдирет”.

Чолпон Дайырбекованын пландарында, тандап алган соода тармагын ар тараптуу өнүктүрүү, Бишкектин чакан жана ири соода түйүндөрүнүн дүң соодагерлери менен активдүү иштешүү турат. Албетте, өнүгүү үчүн дайым акча каражаты керектелет, мында“Алма Кредит” микрофинансылык компаниясы ар убакытта ыңгайлуу шарттары менен насыя берүүгө жардамга келет.

Бизнес үчүн насыя: пластикалык идиш сатуу Бизнес үчүн насыя: пластикалык идиш сатуу