Кыргызстанда ири супермаркеттердин тармактары кеңейип, көбөйгөн убакта да сатып алуучу суроо-талап  негизин шаарлардын, айылдардын жана базарлардын көмүскө көчөлөрүндөгү чакан жана орточо азык-түлүк дүкөндөрү тейлейт. Иштен үйгө кайтып келе жаткандарга ушундай чаканыраак дүкөндөр бат-бат керектүүлөрүн сатып алууга өтө ыңгайлуу, ошондой эле көпчүлүктүн жагымду тез соода кылуу жерине айланды.  Бүгүнкү каарманыбыз- Нурия Халикова, өзү да үй кожейкеси, үйдүн жанындагы чакан дүкөндөр көп убакытты үнөмдөрүн эске алып, чакан азык-түлүк соода түйүнүн кирешелүү бизнеске аландырды.

“Азыркы учурда адамзаты көп иштейт, дайыма шашып жүгүрүп жүрөт,- дейт ишкер-айым, Нурия Халикова. – Базарга же ири супермаркеттерде соода кылууга ар качан бош убакыт табылбайт. Ошондуктан, каалаган убакта чаканыраак дүкөндөрдө керектүүлөрдү сатып алуу оңойлукка жатат, муну менен бирге ар бир үй-бүлөнүн дайым сатып алган белгилүү азык-түлүк тизмеги бар.  Ушуну өз дүкөнүмдү ачууда эске алдым”.  Күндөн күнгө Нуриянын бизнеси жаңы кардарлар келип, өнүгө берди, бирок ишкер-айым анын соода түйүнүндө канчалык товарлардын түркүмү  көп болсо, ошончолук кардарлардын да саны көбөйүп, анын дүкөнүнө келип соода кыларын жакшы түшүнөт. Ал дүкөнүнө чоң витриналык муздаткычтарды орнотуп, анда сүт жана эт азыктарын коюуга жана ошондой эле тез тоңдуруучу жабдууларды да алайын деп жүргөн. “Тажрыйбама далил болгондой, эл көргөн нерсени алгач сатып алат, - дейт Нурия. – Ошол себептүү, витриналык муздаткычтарда азыктар турганда кирешени арттырат, кардарларыбыздын алдында ар түрдүү товарлар көрүнүп турганда соода бат жүрүшүнө шарт түзүлөт”.

Көптөн күткөн муздаткыч жабдууларын алууга кошумча акча каражаттары керектелген. Ишкер –айым финансылоо варианттарын карап чыгып, “Алма Кредит” микрофинансылык компаниядан насыя алууну чечти. Керектүү документтерди тез арада бүтүрүп, акчасы колго тиери менен эки чоң витриналык муздаткычтарды  алып, сатыкка ассортименттерди кеңейтип, дүкөнүнүн товар айланымын көбөйттү. Албетте, ушундай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында киреше да эки эселенди.

“Жакынкы убакта кардарыбыз бизнесинин дагы чоңоюшун пландап жатат,-дейт, Рыскубек уулу Нурмат, Кара-Балта шаарындагы Нурия насыя алып жүргөн, “Алма Кредит” филиалынын директири. – Кара-Балтада  “Жайыл” базарынан дагы бир азык-түлүк дүкөнүн алууну пландап жатат. Албетте,  анын бизнеси үчүн  насыянын эң  ыңгайлуусун  сунуштап,  жан-дилибиз менен орундайбыз, жеке ишкерлер үчүн насыялар – компаниябыздын эң негизги иштеринин бири болуп саналат, ошондуктан биз аны активдүү өнүктүрүүгө күчүбүздү жумшайбыз.”