Биздин таржымакалдын каарманы  - Акмат кызы Айтикан Чүй облусунда жарык дүйнөгө келген. Учурда ал «Дордой» базарынын «Евразия» секторунда аялдардын кийимин сатып эмгектенет. Бул жигердүү ишкер үй-бүлөлүү, 2 баланын энеси. Көптөгөн кыргызстандыктар сыяктуу эле ал дагы  үй-бүлөсү менен карьерасын ийгиликтүү айкаштырып келе жатат – жакындарын колдоп, үйүнө да көз салат, жана иштегенге да жетишет.

«Кийимдерди саткан мага жагат, мен ушул кесипте өзүмдү таптым – дейт ишкер айым  Акмат кызы Айтикан. – Кардарлар кийиниш үчүн улам-улам мага келгени абдан жагат. Мен аларга кийим тандоо боюнча, жарашыгы тууралуу дайыма туура кеӊеш берип турам. Сунушталган товар аялга жарашса, анда ал кийимди узакка жан дили менен кийип жүрө берет, анан кайрадан кеӊеш берген сатуучуга кайрылып келет».

Соода менен кесипкөй алектенген адам соодада товардын жүгүртүлүшү зор мааниге ээ экендигин, андан дүӊ киреше жана пайда көз каранды экендигин  жакшы түшүнөт. Балдарга, алардын күнүмдүк жашоосуна, кийимдерине, окуусуна кеткен чыгымдар күн сайын өсүп турганын эске алсак, албетте,  товар жүгүртүүнү көбөйтүү  үчүн   каражаттарды акырындап топтоо узак убакытты талап кылат. Айтикан соода бизнесинде көп жылдан бери келе жатат, бутуна эчак турган, ошондуктан бардыгын таразалап көрүп, бизнесин андан ары да өркүндөтүү үчүн чакан кредит алууну чечкен.

«Алма Кредит» микрофинансы компаниясынын филиалынын директору Кеӊешов Тилек компания сооданы каржылоого кредиттерди жигердүү берип турарлыгын белгилейт. «Мындай кредит калк арасында чоӊ суроо-талапка ээ. Акмат кызы Айтикан – өлкөбүздөгү ийгиликтүү ишкер аялдын ачык үлгүсү, дал  ушундай бизнесмендерден Кыргызстандын өсүп келе жаткан экономикасы курулат».

50 000 сом – биздин каарман алган кредиттин суммасы, бул каражат Айтиканга товардын ири партиясын сатып алганга, анын жүгүртүүсүн акырындык менен өстүрүүгө жана аны кирешелүү кылганга мүмкүнчүлүк берди. Эгер Сиз Дордойго барып калсаӊыз, ага бара кетиӊиз, камкор сатуучу жана тажрыйбалуу ишкер айым Сизге өзүндө болгон кийимдин эӊ мыктысын гана сунуштайт.