«Made in Kyrgyzstan» - «Кыргызстанда жасалган» - деген лейбл менен чыккан кийим-кечелер СНГ өлкөлөрүндө, өзгөчө Россия жана Казакстанда жакшы көрүп сатып алышат. КРда текстиль өндүрүшүнүн өнүгүшү өзгөчө акыркы жылдарда, ЕАЭС рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондон бери  чоң түрткү алды. Өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарында көптөгөн чакан, орто жана ири тигүү цехтери ачылууда, алардын көбү Чүй областында жана Бишкек шаарында жайгашкан. Биздин каарманыбыз, жаш ишкер Курманбек Жакыбалиев Бишкекте  жеке тигүү бизнесин баштаган.

“Мен көп жылдардан бери борборубуздагы тигүү цехтеринде бычмачы болуп иштеп келгем,- дейт Курманбек. – Бул иштин түрү ар дайым талапталган, менин бай тажрыйбам жана ар бир иштин ийне-жибине чейин карап, бүтүргөн сапатым жана тыкандыгымдын натыйжасында жумуш табуудан эч кыйналган жокмун. Элибиз жакшы кийингенди жакшы көрүшөт жана сапаттуу кийим-кечелерди билишет. Тигүү бизнесинде көп байланыштарды түзүп алгам, бул иштин маңызын түшүнүп алган соң, албетте , башка бирөөгө иштебестен  өз алдынча тигүү цехин ачууга тилектендим. Бул иштин бардык “оң жана терс” тараптарын карап, көрөңгө капиталды эсептеп пайда болуучу тобокелдиктерди эске алып, Курманбек Жакыбалиев жеке ишкер болууну чечти. Бирок ийгиликтүү башатка акча каражаты, 160 000 сом керектелген, андай өлчөмдөгү каражаты жок эле. Натыйжада, насыя алууну ойлонду.

“Курманбек, 2014 –жылдан бери биздин лоялдуу кардарыбыздын бири,-дейт Улан Жапаров, “Алма Кредит” микрофинансылык компаниясынын  Бишкек шаарындагы филиалынын директири. – Ошол кезде Курманбек алгачкы жолу компаниябыздан топтук насыя, 60 000 сом алган. Азыркы убакытка чейин “Алма Кредиттен” жыл сайын топтук эмес, индивидуалдуу насыяларды алып жүрөт. Ал тигүү цехин ачам деген идеясы менен келгенде, ага бизнес- насыя берүү боюнча эң жакшы шарттарды түзүүгө умтулдук. Тигүү өндүрүшү – эң эле алга кетүүчү тармактардын бири, кардар үчүн стабилдүү бизнес курууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”.

Жаш ишкер насыя каражатына  кийим тигүүчү жабдууларды сатып алды жана цехтин 3 айлык ижарасын төлөп койду. Жакынкы убакыттарда Курманбек Жакыбалиев Өзбекстандын рыногуна чыгууну, Ташкентте товарларын сатууга пландап жатат. Ошондой эле жаш ишкер ижарадан кутулуш үчүн жеке тигүү ишканасына ылайыкталган орунжайын толук сатып алууну да ойлоп жатат.

“Алма Кредит” атынан өнөктөш болуп калганым өтө жакшы.  Менин узакка созула турган пландарымдын орундалышына насыя каражаттары зор жардамы тийет, - дейт Курманбек. Муну менен бирге, кошумча киреше түшүп турушу үчүн “Алма Кредит” Агенттик тармагына кошулуп алдым. Жеке ишкерлер арасында бизнести өнүктүрүүгө дайым финансылоо маселеси турат, ошондуктан жакындарыма, тааныштарыма “Алма Кредиттен” насыя алууну сунуштоо аркылуу кошумча киреше алып турам.

Максатына жетүүдө Курманбек жубайы менен бирге иштейт, ал даяр кийимдердин сапатына жооптуу.  Азыркы учурда ал тигүү цехинин аркасы менен 20 кишини иш менен камсыз кылды.  Келечекке чоң кадам таштап, Кыргызстандын жеңил өндүрүшүндө өз ордун табууга үмүттөнүп, кийим тигүү көлөмүн кеңейтип, жаш ишкер өлкөбүздүн экономикасынын өсүшүнө салымын кошуп турат.