Авто күрөөгө коюлган кредит алуу үчүн керектүү документтер:

  1. Карыз алуучунун паспорту, жубайынын, күйөөсүнүн  паспорту, нике тууралуу күбөлүк (бар болсо);
  2. Кепилдик берүүчүнүн паспорту;
  3. Карыз алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн жашаган жеринен маалымкат;
  4. Карыз алуучунун, карыз алуучунун  жубайынын/күйөөсүнүн, кепилдик берүүчүнүн "Ишеним" КМБ маалыматтар;
  5. Кредит алууга жана автомашинаны күрөөгө коюуга жубайынын/күйөөсүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же үй-бүлөлүк абалы (бойдок, турмушка чыга элек) жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз;  
  6. Карыз алуучунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана зарыл болгон учурда кепилдик берүүчүнүн  кирешесин ырастаган документтер (иштеген жеринен айлык акы жөнүндө маалымкат/патент/ижара келишимдери/эсепке алуу.

Күрөөгө коюлуучу автомобилге керектүү документтер:

  1. Техникалык паспорт, МАИден камактын жана күрөөнүн жоктугу тууралуу маалымкат, күрөө коюучунун паспортунун көчүрмөсү,  күрөө коюучунун  жубайынын/күйөөсүнүн автомобилди күрөөгө коюуга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же үй-бүлөлүк абалы (бойдок, турмушка чыга элек) жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз.

Кредит берүү шарттары:

  1. Кредиттин суммасы 30 000 сомдон 300 000 сомго чейин
  2. Кредиттин мөөнөтү 3 айдан 36 айга чейин
  3. Пайыздык чен: айына 2.75% (33% жылдык эсептөөнүн аннуитет ыкмасы менен)
  4. Камсыздоо: авто + 1 адамдын кепилдиги
  5. Автомашина арестке коюлат жана карыз алуучуда калат
  6. Мин. жана макс. натыйжалуу пайыздык чен: 41.63% - 49.28%.