Жаңылыктар

«АЛМА КРЕДИТ» МФК НЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ТОО ИЛБИРСИН КОРГООГО АРНАЛГАН ЖАРЫМ МАРАФОНГО КАТЫШЫШТЫ

Өткөн дем алыш күндөрү «Алма Кредит» микрофинансалык компаниясынын кызматкерлери жана жетекчилери «Тоо илбирсин сактап калабыз» аталышындагы эл аралык биринчи кайрымдуулук марафонуна катышышты.

«Алма Кредит» Микрофинансалык компаниясы Жабык Акционердик Коому Башкармалыгынын төрагасы  Мирлан Балбаев кызматкерлери борбордун спорттук турмушуна жигердүү катышып жаткандыгына компания сыймыктанарын билдирди: «Биз  ар түрдүү мелдештерге жана марафондорго дайыма катышып турганга аракеттенебиз. Бул эӊ сонун тимбилдинг жана эмоционалдуу ачык окуя, мындай иш чараны кесиптештер менен бирге башыбыздан өткөрүү  - бизге жагымдуу маанай тартуулайт».

«Марафонго катышуу  - биздин микрофинансалык компаниябыздын социалдык-жоопкерчиликтүү туурубузду көрсөткөндүгүбүз болуп саналат деп, билдирди Алма Кредит» Микрофинансы компаниясы Жабык Акционердик Аоому Башкармалыгынын төрагасынын орун басары Эрмек Таласбаев. – Марафонго катышуучулардын старттык төгүмдөрүнүн бир бөлүгү Тоо илбирсин жана жаратылыштын экосистемасын сактап калуу боюнча Глобалдуу программага (GSLEP) жиберилип жатат да».

Каалагандардын бардыгы өздөрүнө ылайык дистанцияларды тандап алышты: ортоктош дистанциядан 1 км ден – жарым марафондук дистанцияга 21 км ге чейин. «Алма-Кредиттин» бул дистанциялардагы марафонго катышкан ар бир кызматкери марачынын эстелик медалын алып,  бир топ оӊ эмоцияга ээ болду.

 

 

 

Социалдык тармактарда бөлүшүү