Жаңылыктар

«АЛМА КРЕДИТ» МИКРОФИНАНСЫЛЫК КОМПАНИЯСЫ СИЗДЕРДИ 2020-ЖАӉЫ ЖЫЛЫӉЫЗДАР МЕНЕН КУТТУКТАЙТ»

Урматтуу кардарлар, кадырлуу достор!

 «Алма Кредит» микрофинансылык компаниясынын бирдиктүү жамааты Сиздерди Жаӊы жылыӊыздар менен чын дилинен куттуктайт! 

2019-жылы Сиздердин – биздин кардарларыбыздын аркасы менен көп нерселерге жетиштик, компания  финансылык мыкты көрсөткүчтөргө ээ болду,  жыл сайын улам күчтөнүп, кубаттанып, ийгиликке жетишип өсүп бара жатабыз. Мунун бардыгы – Сиздердин колдооӊуздардан улам. Биз кардарларыбызга жана өнөктөштөрүбүзгө, компаниянын бардык кызматкерлерине ушу жылдар бою биз менен келе жатканыӊыздар жана биз менен кала бергениӊиздер үчүн  ыраазычылык билдиребиз. Биздин ишмердигибиздин максаты – кыргызстандыктарды жеткиликтүү кредит, тейлөөнүн бийик сапаты жана кесипкөй мамиле менен камсыз кылуу. Сиздер бизди өркүндөөгө өбөлгөлөп келе жатасыздар, андыктан биз Сиздердин керектөөӊүздөрдү сапаттуу кредиттерде канааттандырууга аракеттенебиз. 

Жаӊы жылда бардыгыӊыздар бактылуу болушуӊуздарды каалайбыз! Жаӊы 2020-жылы жолуӊуздар ачылып, койгон мерчемдериӊиздер ишке ашырылсын, жаныӊыздарда ишенимдүү досторуӊуз курчап, түпкүлүктүү кыялдарыӊыз аткарылышына күчүӊүздөр да, акчаӊыздар да жеткиликтүү болсун. Сиздерге жана Сиздердин туугандарыӊыздарга, жакындарыӊыздарга ден соолук жана сүйүү каалайбыз. Жаӊы жылыӊыздар менен! 
 

Социалдык тармактарда бөлүшүү