“Алма Кредит” микрофинансылык компаниясы үчүн кардарларга сервистин жогорку сапатын жана сабаттуу кесипкөй кеңештерди берүү маанилүү. Так ошол үчүн биз жалпы максаттарга жетүү үчүн жоопкерчиликтүү иштөөгө, карьераны түзүүгө жана натыйжалардан рахат алууга даяр  таланттуу жаш талапкерлерди жана мурдатан калыптанган кесипкөйлөрдү  ишке жалдайбыз.

Кадрдык курамды микрофинансылоонун алдыңкы методдоруна үйрөтүү –компаниянын командасынын  кесипкөйлүгүн жогорулатуунун программасынын маанилүү түзүүчү элементтеринин бири. Дайыма өтүүчү финансылык анализди жүргүзүү, кардарларды тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, кардарлардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга көмөктөшүү боюнча үйрөтүү семинарлары  персоналды окутуу боюнча милдеттүү иш чаралардын ичине кирет.

Бардык каалоочулар стажировканы өтүү же жумушка орношуу үчүн Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. почтасына  өз резюмесин жөнөтүп,  сунуш кыла алышат.