Кредит берүү шарттары:

  1. Кредиттин суммасы 20 000 сомдон 150 000 сомго чейин;
  2. Кредиттин мөөнөтү 3 айдан 18 айга чейин;
  3. Пайыздык чен: жаңы карыз алуучулар үчүн айына 2.966% (35.60% жылдык эсептөөнүн аннуитет ыкмасы менен);
  4. Камсыздоо: 50000 сомго чейин – бир адамдын кепилдиги, 50000 сомдон көп – эки адамдын кепилдиги;
  5. Мин. жана макс. натыйжалуу пайыздык чен:  44.94% - 55.48%;
  6. Камсыздоо: Топтук ынтымак;
  7. ТОПТУК кредит: Ынтымак тобунун бардык катышуучуларына берилген кредиттин жалпы суммасы.

Топтук ынтымак:

  1. Ынтымак тобу - бул бир топтун катышуучулары болгон жана туруктуу киреше булагы бар жеке адамдардын ыктыярдуу бирикмеси.
  2. Ынтымак тобу биримдик, ыктыярдуу биригүү, топтун катышуучулары ортосунда ишкердик (коңшулук, туугандык, кесиптик, социалдык ж.б.) байланыштардын болушу, жол берүүчүлүк, аныктык жана жеке жоопкерчилик  принциптеринин негизинде түзүлөт жана иштейт.

Жоопкерчилик:
Топтун ар бир катышуучусу кредитти алууга жана төлөөгө байланыштуу бардык процедураларга жеке өзү катышууга, ошондой эле алынган каражаттарды жеке өзү, ынтымак тобунун башка катышуучусуна же үчүнчү жакка өткөрүп бербестен пайдаланууга милдеттүү. Алынган кредитти үчүнчү жактарга же ынтымак тобунун башка катышуучуларына өткөрүп берген учурда топтун бардык катышуучулары аны төлөө боюнча толук чогуу жоопкерчилик тартышат.