Авто сатып алууга кредит алуу үчүн керектүү документтер:

  1. Карыз алуучунун паспорту, жубайынын, күйөөсүнүн  паспорту, нике тууралуу күбөлүк (бар болсо);
  2. Кепилдик берүүчүнүн паспорту;
  3. Карыз алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн жашаган жеринен маалымкат;
  4. Карыз алуучунун, карыз алуучунун  жубайынын/күйөөсүнүн, кепилдик берүүчүнүн "Ишеним" КМБ маалыматтар;
  5. Кредит алууга жана сатып алынуучу автомашинанын күрөөсүнө жубайынын/күйөөсүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же үй-бүлөлүк абалы (бойдок, турмушка чыга элек) жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз;  
  6. Карыз алуучунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана зарыл болгон учурда кепилдик берүүчүнүн  кирешесин ырастаган документтер (иштеген жеринен айлык акы жөнүндө маалымкат/патент/ижара келишимдери/эсепке алуу дептерлери  ж.б.);
  7. Техникалык паспорт, МАИден камактын жана күрөөнүн жоктугу тууралуу маалымкат, сатуучунун паспортунун көчүрмөсү,  сатып алуучунун жубайынын/күйөөсүнүн автомобилди сатууга нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же үй-бүлөлүк абалы (бойдок, турмушка чыга элек) жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз;