Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу менен кредит алуу үчүн керектүү документтер:
- Карыз алуучунун паспорту, жубайынын, күйөөсүнүн паспорту, нике тууралуу күбөлүк (бар болсо);
- Кепилдик берүүчүнүн паспорту;
- Карыз алуучунун жана кепилдик берүүчүнүн жашаган жеринен маалымкат;
- Карыз алуучунун, карыз алуучунун жубайынын/күйөөсүнүн, кепилдик берүүчүнүн "Ишеним" КМБ маалыматтар;
- Кредит алууга жана кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуга жубайынын/күйөөсүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же үй-бүлөлүк абалы (бойдок, турмушка чыга элек) жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз;
- Карыз алуучунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана зарыл болгон учурда кепилдик берүүчүнүн кирешесин ырастаган документтер (иштеген жеринен айлык акы жөнүндө маалымкат/патент/ижара келишимдери/эсепке алуу дептерлери ж.б.);
Күрөөгө коюлуучу кыймылсыз мүлккө керектүү документтер:
- Күрөө коюучунун паспорту, кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуга жубайынын/күйөөсүнүн нотариалдык күбөлөндүрүлгөн макулдугу же үй-бүлөлүк абалы (бойдок, турмушка чыга элек) жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арыз;
- Кыймылсыз мүлккө укук белгилөөчү документтер (сатып алуу-сатуу келишими, алмашуу же белекке берүү келишими, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын көчүрмөлөрү жана токтомдору, жер участогуна менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт ж.б.), кыймылсыз мүлккө техникалык паспорт, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо жөнүндө Мамкаттоодон маалымкат.